Түштүк Кореяда Нооруз спорттук оюн-зоок мааракеси менен коштолуп өттү





Кечээ, 23-март күнү Түштүк Кореядагы мекендештердин арасында Нооруз майрамына карата жазгы спорттук оюн-зоок мааракеси өткөрүлдү. Бул тууралуу бизге аталган өлкөдөгү "Биримдик" коомдук уюмунан кабарлашты. Майрам спорттук оюндар менен катар музыкалык сынак, улуттук кийимдердин көргөзмөсү жана лотерея ойнотуу менен коштолду. Лотереянын баш байгесине автоунаа коюлган. Иш-чараны уюштуруу иштери Түштүк Кореянын Паран шаарында эмгектенип жаткан мекендештерибиз тарабынан колдоого алынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.