super.kg logo

Аскер кызматкерлери "каракчылык кылган" деп шектелип кармалышты

 
Кылмышка шектелип кармалган 39 жаштагы Канат
Кылмышка шектелип кармалган 25 жаштагы Адилет
Кылмышка шектелип кармалган 23 жаштагы Асет
Кылмышка шектелип кармалган 24 жаштагы Мирлан
Кылмышка шектелип кармалган 23 жаштагы Бекболот

Аскер кызматкерлери каракчылык кылгандыгы үчүн кармалышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 24-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, 19-марттан 20-мартка караган түнү саат 01:30 чамасында Бишкек шаарынын Тынчтык проспекти менен Фрунзе көчөсүнүн кесилишиндеги “Люкс” караоке-клубуна белгисиз бет капчан адамдар кирип келишип, Корея Республикасынын А.Е. аттуу жаранын коркутуп, 3000 доллар акчасын жана 6 даана уюлдук телефонун алып кетишкен.

Бул кылмышка шектүүлөр кармалып, аты-жөнү такталды.

- Т.Канат, 39 жашта, Ысык-Көл облусунун тургуну. Ал Бишкек шаарындагы Аскер бөлүктөрүнүн биринин сержанты болгон.

- К.Адилет, 25 жашта, Нарын облусунун тургуну. Ал Бишкек шаарындагы Аскер бөлүктөрүнүн биринин сержанты болгон.

- И.Асет, 23 жашта, Чүй облусунун тургуну. Бишкек шаарындагы Аскер бөлүктөрүнүн биринин кичи сержанты болгон.

-  Б.Мирлан, 24 жашта, Нарын облусунун тургуну. Убактылуу иштебейт.

-  Бекболот, 23 жашта, Нарын облусунун тургуну. Убактылуу иштебейт.

Учурда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168 (каракчылык) беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
24.03.2014. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушинтип суротторун чыгарбай эле койбойсунарбы.
24.03.2014. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жаны тузулгон аскер болугунун жоокерлери эмеспи? Кененирээк маалымат берип койсонор жакшы болот эле супер инфо.
26.03.2014. 07:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кортириликтин айынан ушуга барыштыда. Биринин айлыгы аз болсо, экинчиси жумуш табалбай журсо...!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: