Эмил Балтагулов Нооруз майрамын Техастагы кыргыздар менен бирге тосту (фоторепортаж)


















Эмил Балтагулов улуу Нооруз майрамын АКШнын Техас штатынын Хьюстон шаарындагы боордоштору менен тоскондугун билдирди.
Автор: Дамира Арстанова
"23-мартта Хьюстон шаарындагы Орто Азия элдеринин Маданият борборунда бүт улуттардын маданий көргөзмөсү болуп өттү. Көргөзмөгө ар улуттун буюмдары, тамак-аштары коюлду. Баарынан өзгөчөлөнүп биздин боз үй улутубуздун маданиятын, нарк-насилдерин, кол өнөрчүлүгүн жеткире тастыктап турду.
Майрамга Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Түркия мамлекетинен келген ырчы, бийчилер катышты. Кыргызстандын атынан мен жана Куурчак театрынын актёру Мирлан Мурзапазылов өнөрлөрүбүздү тартууладык. Ошондой эле Норт Американ университетинде окуган кыргызстандык студенттер "Кара жорго" бийин бийлеп элди таң калтырышты",- деп ой бөлүштү ырчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
6

Комментарийлер(1)
Kg_7777

24.03.2014. 21:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баракелде кыргыздар алгаа байке ийгилик сизге!!!!!!!!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.