super.kg logo

Судьяларды окутуу борбору судьялар үчүн антикоррупциялык окутуучу-семинар өткөрүүдө

 

Бүгүн, 25-мартта Судьяларды окутуу борбору судьялар үчүн антикоррупциялык окутуучу-семинар өткөрүүдө. Ага жергиликтүү соттордун 25 судьясы катышып жатат. Семинар Судьяларды окутуу борборунда өтүүдө.

Иш-чаранын тренерлери: Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы Качыке Эсенканов, Кыргыз Республикасындагы "Transparency International" улуттук бөлүмүнүн башкармалыгынын төрагасы Адылбек Шаршенбаев. Семинарды куттуктоо сөздөрү менен GIZ программасынын улуттук координатору, кеңешчиси Рустам Мадалиев жана Судьяларды окутуу борборунун сектор башчысы Майрам Оморова ачышты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Судьяларды окутуу борбору (GIZ) Эл аралык кызматташтык боюнча германиялык коомунун «Борбор Азиядагы өлкөлөргө укуктук мамлекеттүүлүккө көмөк көрсөтүү» Кыргызстан боюнча программасы менен биргеликте «Кыргыз Республикасындагы антикоррупциялык саясат: ишке ашыруу маселелери жана коррупциялык көрүнүштөргө каршы туруу» аталыштагы эки күндүк 2 семинар өткөрүүнү пландоодо.   

Семинарлар 2014-жылдын 24-25-мартында Бишкек шаарынын, Нарын, Талас, Ысык-Көл, Чүй облустарынын сотторунун судьяларына Бишкекте жана 2014-жылдын 3-4-апрелинде Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын судьялары үчүн Жалал-Абад шаарында өтмөкчү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: