super.kg logo

Талас. Кара-Буура районунун тургундары мектепти оңдоп берүүнү суранып, президентке кайрылуу жасашты

 

Талас облусунун Кара-Буура районунун Молдо Асан айылындагы мектеп капиталдык оңдоого муктаж. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта маалымат жыйынында аталган аймактын тургуну Дөөлөтбек Шадыбеков билдирди.

Анын айтымында, аталган мектепте акыркы 15 жылдан бери оңдоо иштери жүргүзүлө элек. 2 жыл мурун Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү мектепти текшерип кеткени белгилүү болду.

“Молдо Асан айылында 300гө жакын түтүн жашайт. Жаштардын баары ушул мектепте окушат. Окуучулардын жалпы саны 370ке барабар. Эгер аймакта жер титирөө болуп кетсе, мектептин дубалдары балдарды басып калат деген коркунучтабыз. Капиталдык оңдоого 340 миллион сом керек болуп жатат. Биз КРнын Президентине жана Жогорку Кеңешке кайрылып, жардам берүүнү суранабыз”,- дейт Дөөлөтбек Шадыбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: