АКШ. Вашингтондогу жер көчкүдөн кийин дайынсыздардын саны 176га жетти

Американын Вашингтон штатындагы жер көчкүдөн кийин дайынсыздардын саны 176га жетти. Бул тууралуу
бүгүн, 25-мартта жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Бийлик өкүлдөрү дайынсыз
деп изделгендер мерт болгондугу же жаракат алгандыгы тууралуу расмий билдирүү
жасаша элек. Буга чейин жаратылыш кырсыгынан каза болгондордун саны 14 адамга
жеткенин айтышкан.
Эске салсак, жер көчкү 22-март күнү Вашингтон штатынын
түндүк тарабында катталган. Таштардын жана баткактардын агымы 30га чукул үйдү
бузуп кеткен. Кырсык көп убакыттан бери жааган жамгырдан улам келип чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.