super.kg logo

Жети-Өгүздө "Кумтөргө" байланыштуу митинг аяктады

 

Бүгүн, 25-мартта Жети-Өгүз райондук сотунун алдында өткөн нааразылык акциясы бир саатка созулуп, аяктады. Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, иш-чарага 30-35 адам катышкан. 

Ал эми акциянын уюштуруучусу Замир Мендибаев “митингге 100гө чукул адам келди” деп жарыялады.

Расмий билдирүүгө таянсак, Жети-Өгүз райондук соттун алдындагы тынчтык митинги мыйзамдын чегинде, тынч өткөн. Жергиликтүү милицияга алдын ала митинг боюнча билдирүү берилген. Ал саат 11:00гө пландалган, бирок 12:00дө башталып, бир саатка созулуп, аягына чыкты.

Тынчтык митингинин негизги максаты - “Кумтөр” кенин иштетүүдөн келтирилген зыян боюнча соттун тергөө амалдарын тездетүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.03.2014. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаны жетекчи келмейинче бул кумтор чечилбейт туугандар!
25.03.2014. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
100 эмес 30 эле адам ошол 30 арасында жон эле отуп бараткандар жарымы болот, саруулуктардын митингин саруулктар озулору колдогон жок, экологиялык зыян боюнча арыздары дагы негизсиз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: