Легендарлуу “Биз” тобунун жетекчиси, ырчы Бактияр Токторов бүгүн 44 жашка чыкты (фотолор)



















"Супер-Инфо" гезитинин 2012-жылдагы тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер тобу" - "Биз" тобунун жетекчиси Бактияр Токторов бүгүн, 25-мартта 44 жашын белгилеп жатат. Ырчыны куттуктап чалганыбызда "Жаш кезде туулган күндү башкача тосуп алар элем. Жыл өткөн сайын туулган күндүн да кызыгы кете баштайт окшойт" деп кеп баштады.
Автор: Дамира Арстанова
"Негизи, туулган күнүм кадимки күндөрүмдөй эле өтөт, кечинде үй-бүлөмдүн кашында бир аз белгилеп койгонум гана болбосо. Жубайым, балдарым белек беришет. Жаш кезде ырдап-бийлеп, каалоо-тилектерди угуп, таң атканча тосчумун. Албетте, азыр деле телефон аркылуу куттуктоолор болуп турат, бирок дүңгүрөтүп туулган күн өткөрбөйм",- дейт ырчы күлүп.
Белгилей кетсек, Бактияр Токторов 1970-жылы 25-мартта Лейлектин Коммунизм айылында жарыкка келген.
Мектепте окуп жүргөн кезинде комузду гитарага окшоштуруп чертип, Алла Пугачёва, Валерий Леонтьев, Михаил Боярский жана башкалардын чыгармаларын туурап ырдап жүрүп эле үнүнүн диапазонун кеңейтип алган. Суворов атындагы аскердик окуу жайды бүткөндөн кийин Политехникалык институтка тапшырган. Ал жактан ыр дүйнөсүнө жакын балдар менен гитара чертип, ырдап жүргөн. 1990-жылы “Кыргызстан” деген топ түзүп, “Периштем”, “Айпери”, “Таң чолпон жылдызым” аттуу ырларды жараткан. Кийин бул топ атын "Биз" деп өзгөрткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
aziko88

25.03.2014. 16:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оооо буй буй ооо буй буй Аллахым сизге Ден соолук берсин эч качан оорубаныз.
Alicia

25.03.2014. 17:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Happy Birthday Bahtyiar aka!!!
jora.kg

25.03.2014. 22:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туулган кунунуз кут болсун, коп жашан!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.