super.kg logo

Өкмөт жооп берет: Жөлөк пулга бөлүнгөн каражат жетпей калышы мүмкүнбү? Эмне үчүн почтадан самын, гезитти мажбурлап беришет?

 

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - Жөлөк пулга бөлүнгөн каражат жетпей калышы мүмкүнбү? Эмне үчүн почтадан баасы кымбат самын, гезитти мажбурлап беришет? Эмне кылышыбыз керек? Суроо калтырган cholpona90

Жооп: - Жөлөк пулдун жетпей калуусу мүмкүн эмес. Себеби министрлик тарабынан райондук жана шаардык Социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан ай сайын суралган керектелүүчү акча каражаты өз убагында толугу менен которулуп турат. Ал эми почта бөлүмдөрүнүн кызматкерлери өздөрүнө тийиштүү товарларды - самын, гезитти жөлөк пул алуучулардын өз каалоосу боюнча сатууга тийиш.

Товарларды мажбурлап берген учурда министрликтин ишеним телефонуна: (0312) 66-01-07 же райондук, шаардык Социалдык өнүгүү башкармалыктарына кайрылууңуз зарыл.

Суроого Социалдык өнүктүрүү министрлигинин ММКлар менен иштөө боюнча адиси Кымбат Кадыралиева жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: