super.kg logo
  Саясат  

Тоо-кен тармагында мыйзам бузгандарды жоопкерчиликке тартуу максатында мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталууда

 

Бүгүн, 25-мартта Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин кезектеги отурумунда “Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.

Депутат Кожобек Рыспаевдин айтымында, мыйзам долбоорго тоо-кен тармагынын туруктуу өнүгүүсүнө стимул берүү максатында кендерди пайдаланууга жер тилкелерин бербей койгон, лицензия берүүнүн, узартуунун мөөнөттөрүн бузгандыгы, экспертиза берүү үчүн долбоорлорду берүүнүн жана кароонун мөөнөттөрүн бузгандыгы үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызматкерлеринин жоопкерчилигин караган беренелер киргизилген.

Талкууда КР Экономика министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев мыйзам долбоору аркылуу дагы эки берене менен тиешелүү кызматкерлердин жоопкерчилигин карай турган түзөтүүлөрдү кошумчалады. Ал мамлекеттик маанидеги объектилерди өз маалында колдонууга киргизбегендиги үчүн дагы айып пул салуу зарылдыгын белгиледи.

Жыйынтыгында сунушталган мыйзам долбоору жалпысынан жактырылып, айтылган сунуштарды чогуу карап чыгуу боюнча бир пикирге келишти. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: