super.kg logo

Кыргыз Эл артисти Түгөлбай Казаков “ТҮРКСОЙ” уюмунун сыйлыгына татыды (фоторепортаж)

 

Кыргыз Эл артисти, обончу Түгөлбай Казаков түрк дүйнөсүнүн журналистика тармагына кошкон салымы үчүн “ТҮРКСОЙ” уюмунун сыйлыгына татыды. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайты жазып чыкты.

Белгилей кетсек, 2012-жылы "ТҮРКСОЙ" уюму "Эскишехир шаары - 2013-жылдагы түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" деп жарыялаган эле. 20-24-март күндөрү бул мааракенин жабылыш аземи болуп, ага түрк тилдүү өлкөлөрдүн маданиятка салым кошуп келе жаткан инсандары, журналисттери, айкелчилери, өнөрпоздору чакырылган. Иш-чаранын жүрүшүндө түрк маданиятына салым кошкон инсандарга атайын сыйлыктар ыйгарылып, атайын концерттик программа, көргөзмөлөр уюштурулган. 

Кошумчалай кетсек, бул мааракеге Кыргызстандын атынан Анжелика, Токтобек Асаналиев жана “Ханыша” бий тобу барып, өз өнөрлөрүн тартуулап келишти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: