ЖК: Кызматкердин иштен мыйзамсыз бошотулганы аныкталса, анын материалдык чыгымын мекеме башчысына өз каражатынан төлөтүү сунушталууда
Жогорку Кеңештин 26-марттагы
жыйынында кызматкер менен иш берүүчүнүн укук-милдеттерине байланышкан мыйзам
долбоору каралууда. КРнын Эмгек кодексине толуктоо киргизүү сунушталып жатат.
Демилгечи депутат Дамира Ниязалиеванын билдиришинче,
эгер кызматкердин иштен мыйзамсыз кеткени сот аркылуу аныкталса, кызматкерге
келтирилген материалдык чыгашаны мекеменин жетекчиси өз каражатынан төлөп
бермекчи.
Автор: Автандил Добулбеков
Сунушту көпчүлүк депутаттар колдобой турганын билдиришти. Депутат Асия Сасыкбаева: “Биз буга азырынча даяр эмеспиз. Соттор кандай чечим чыгарып жатканын жакшы билебиз”,- деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

