super.kg logo
  Саясат  

Бөдөш Мамырова: “Иштен мыйзамсыз бошотулгандар кайра ордуна келиши керек, эгер кайра дайындабаса, жетекчи жооп бериши зарыл”  

 

Иштен мыйзамсыз бошотулган кызматкер кайра ордуна келиши керек. Соттун чечиминен кийин жетекчи кызматкерди кайра мурунку ордуна ишке албаса, жооп бериши зарыл. Муну парламенттин 26-марттагы жыйынында депутат Бөдөш Мамырова билдирди. "Соттун чечиминен кийин кызматкерди жетекчи ишке алсын" деген норма киргизип, бир мөөнөт коюп коюш керек. Эгер бул аралыкта кызматкер ишке орношпосо, анда жетекчиге чара көрүш керек",- деди депутат. 

Айта кетсек, кызматкердин иштен мыйзамсыз бошотулганы аныкталса, мекеменин жетекчисине анын материалдык чыгымын өз чөнтөгүнөн төлөтүү сунушталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: