Баткен. "Көк-Таш айылындагы 3 үй-бүлө Тажикстандын жарандары менен жер тилкелерин алмашууну көздөп жатышат" дейт Разия Өсөрова

Баткен облусунун Көк-Таш айылындагы 3 үй-бүлө Тажикстандын жарандары менен жер тилкелерин алмашууну көздөп жатышат. Бул тууралуу аталган айылдын башчысы Разия Өсөрова бүгүн, 26-мартта билдирди.
Айтымында, кыргыз жарандарынын жер тилкелери Тажикстандын аймагында, ал эми тажик жарандарынын үйү Кыргызстанда жайгашкан. Мындан улам алар жер алмашуу боюнча өз ара келишишкен.
Айта кетсек, Көк-Таш айылында 3 миңдей тургун жашайт. Айылда кыргызстандык, тажикстандык тургундардын үйлөрү аралаш орун алгандыктан, чек ара тилкелери толук тактала элек. Мындан улам аптасына 4-5 жолу түшүнбөстүк чыгып турат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:48
2025-07-11

15:52
2025-07-11
Рейтинг:
0

TC ушундай талабы бар -рабочая сила оной эле отот деген, ошондуктан тажикистандын жарандары оной эле Кыргызстанга келип ишетегенге укугу болот.