super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков Кара-Кулжадагы жергиликтүү кеңештин депутаттары менен элеттин көйгөйлөрүн талкуулады

 

Асылбек Жээнбеков 26-мартта Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кашка-Жол айыл округунун айылдык кеңешинин депутаттары менен жолугушту. Жолугушууда жергиликтүү кеңештин депутаттары элет жергесиндеги социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү көтөрүп, тийиштүү жоопторду алышты.

ЖКнын төрагасы парламенттик демократиянын негизги принциптерине токтолуп, бул жаатта жасалып жаткан иштер жөнүндө айтып берди. «Көйгөйлөр Жогорку Кеңештин ичинде талкууланып, чечилиши керек. Биз акырындап буга үйрөнүп баратабыз» деген спикер тынчтык болсо гана өнүгүп-өсүү болорун баса белгиледи.

Ошондой эле өлкөнү туруктуу өнүктүрүү программасынын маани-маңызына токтолуп, бул багытта энергетикалык көз карандысыздыкка жетүү, экономиканы көтөрүү аркылуу эл турмушун жакшыртуу, шайлоолорду калыс жана таза өткөрүүгө даярдыктар сыяктуу маанилүү иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди. 

Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү кеңештин депутаттары элеттеги спорттук залдардын курулушуна көмөк көрсөтүү, калкты таза суу менен камсыздоо сыяктуу бир катар көйгөйлөрдү тизмектешти. Кашка-Жол айыл округунун башчысы Шайырбек Рахманберди уулу жергиликтүү калкты турак жай менен камсыздоо кыйындап баратканын, аны чечүү үчүн жерди трансформациялоо зарылчылыгы тургандыгын айтты. Мындан сырткары жер семирткичтин кымбатташы, жолдор менен социалдык объектилердин абалын жакшыртууга байланыштуу маселелер көтөрүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: