“Экс-министр Равшан Сабировду мыйзамсыз соттогон судьяны жазалаш керек” деди Бакир уулу
Жогорку Кеңештин 27-марттагы жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу экс-министр Равшан Сабировду мыйзамсыз соттогон судьяны жоопко тартууну сунуштады. Депутат чыгарган чечими үчүн жоопко тартылган судьяларды мисал келтирди. “Акаевдин убагында “калктын 80 пайызы сотторго ишенбейт” деген сөз чыкканда, мен акыйкатчы катары “калктын 99 пайызы сотторго ишенбейт” деп айткан элем. Жакында 3 депутатты актаган судьялар иштен айдалды. Жок берене боюнча Сабировду соттогон судьянын жоопкерчилигин караш керек”,- деди депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

