super.kg logo
  Саясат  

Чүйдүн жашоочуларына “Талды-Булак сол жээк” алтын кени коркунуч жаратып жатканы айтылды

 

Чүйдүн Орловка шаарынын тургундары “Талды-Булак сол жээк” алтын кениндеги калдык сактоочу жайдын Чым-Булак жана Талды-Булак сууларынын башатына курулуп жатышына нааразы. Муну ЖКнын 27-марттагы жыйынында депутат Дамира Ниязалиева билдирди.  

Депутаттын билдиришинче, “Талды-Булак сол жээкти” биргелешкен кыргыз-кытай “Алтын кен” ишканасы иштетүүдө. Калдык сакталчу жай булак чыккан жерге курулуп жаткандыктан, төмөндө жайгашкан айыл элинин ден соолугуна коркунуч жаратууда. Жергиликтүү тургундар калдык сактоочу жайды башка аймакка салышын талап кылышууда. Бирок ал сунуш эске алынбай жатканы айтылды.

Депутат “Алтын кен” компаниясы менен жумушчулардын 50 пайызы кытай жарандары, 50 пайызы жергиликтүү тургундар болушу боюнча келишим түзүлүп, бирок теңчилик сакталбай жатканын да кошумчалады. “Алардын айлыктарында да ачыктык жок, маяналары конвертке салынып берилет экен. Жумушчулар келишимсиз ишке алынып, алардын коопсуздугуна жооптуу тарап азыркыга чейин аныктала элек”,- дейт Ниязалиева.

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: