super.kg logo

Чүй облусунда жана Бишкек шаарында жатын моюнчасынын рагы менен жабыркагандардын саны өсүүдө

 

Бишкек шаарында жана жалпы Чүй облусунда жатын моюнчасынын рагы менен жабыркагандардын саны жылдан-жылга өсүүдө. 2012-жылы 300дөн ашык аял дарыланса, 2013-жылы 407 бейтап дарыланып кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 27-мартта Улуттук онкология борборунун онкогинекологу Чынара Батырканова билдирди.

Дарыгердин айтымында, ооруга чалдыккандардын санынын өсүшүнө аймактардан шаарга келген адамдардын көбөйүшү да себеп болууда. "Бул оору көбүнчө жыныстык жол аркылуу вирус жугузуудан башталат. Аялдардын көпчүлүгү убагында адистерге кайрылбай, оору өтүшүп кеткенде гана кайрылышат.  

Кайрылган бейтаптардын 50 пайызы оорунун 3-баскычындагылар. 40 пайызын 2-баскычтагылар түзсө, 1-баскычтагылар бул көрсөткүчтүн 27 пайызын түзөт. Оорунун 4-баскычындагылар 7,5 пайызга барабар",- деди ал.

"Айымдарды жылына сөзсүз түрдө бир жолу гинекологго кайрылып, адистердин көзөмөлүндө болушун айтат элем. Себеби мурда бул оору менен жашы өтүп калган айымдар жабыркаса, азыр ооругандардын жашы 20дан башталып калды",- деп кошумчалайт онкогинеколог.    

Маалыматка таянсак, Улуттук онкология борборунун дарыгерлери жыл сайын өлкөнүн бардык аймактарын кыдырып, жер-жерлерде аялдарды акысыз текшерүүдөн өткөрүшөт. Үстүбүздөгү жыл Улуттук онкология борборунда "Жатын моюнчасынын шишик оорусуна каршы күрөшүү жылы" деп жарыяланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: