super.kg logo

Тимур Саламатов: "Искусство жабык нерсени жактырбайт, бул тармакта эмгек жана изденүү маанилүү"

 
Бишкекте бүгүн, 27-мартта балет өнөрү боюнча өтүүчү фестивалга карата маалымат жыйыны өтүүдө. Анда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын жетекчиси Тимур Саламатов: "Искусство жабык нерсени жактырбайт. Анда ар дайым изденүү жана жаңылануу болуп туруусу шарт. Акыркы мезгилде Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин демилгеси менен эл аралык деңгээлдеги маданий иш-чаралар көп уюштурулуп жатканы кубандырат. 
Кыргызстанда өткөрүлө турган алгачкы эл аралык балет фестивалы искусство сүйүүчүлөрү үчүн чоң майрам болсо, жаш актёр-актрисалар үчүн башка мамлекеттердин чыгармачыл адамдары менен тажрыйба алмашуусуна өбөлгө түзөт",- деп билдирди.  
Белгилей кетсек, 28-мартта балет искусствосу боюнча эл аралык фестиваль алгачкы жолу Кыргызстанда өткөрүлмөкчү. Фестивалды жыйынтыктоочу гала-концерт борборубуздагы А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында 29-мартта өтөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: