super.kg logo

Бишкекте эл аралык эксперттер электр энергиясын үнөмдөө программасын талкуулашты

 

Бишкекте бүгүн, 27-мартта Энергетика жана өнөр жай министрлигинде электр энергиясын үнөмдөө боюнча программасын жаңылантуу алкагында техникалык иштөө тобу биринчи отурумун өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлайт.  

Маалыматка ылайык, жыйындын негизги максаты - Европа биримдиги, анын өлкөлөрү жана Борбор Азиядагы өнөктөштөрү менен тармактуу кызматташуу, Кыргызстандагы электр энергиясын эффективдүү үнөмдөө процессин өнүктүрүү. 

Аталган жыйынга энергетика жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучусунун орун басары Р.Мамыров, "ЕС КР" долбоорунун жетекчиси Миа-Фатима Дубоис-Боуссаид, «Борбор Азияга туруктуу энергетика: жаңылануучу энергия булактары энергоэффектүвдүүлүк» (CASEP) долбоор-программасынын жетекчиси Пол Мулэн, ошондой эле энергетика тармагындагы бөлүмдөрдүн тиешелүү адистери катышты.

Долбоорду ишке ашырууга 36 ай мөөнөт каралып, аталган программанын бюджети 4 миллион еврону түзгөн. Өнөктөш өлкөлөрдүн ичине Борбор Азиянын 5 өлкөсү кирди, алар: Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: