27-Март - Эл аралык театр күнүнө арналган майрамдык салтанатка 11 театр катышат
Режиссёр Э.Чалабаев иш-чаранын сценарийи менен таанышууда.


Режиссёр Э.Чалабаев иш-чаранын сценарийи менен таанышууда.

Сахнага үн күчөтүүчү аппараттар орнотулууда.

Актёрлор А.Сулайманов менен А.Мурадилаев репетиция учурунда.

Жаш артисттер даярдык көрүшүүдө.
Бүгүн, 27-Март - Эл аралык театр күнүнө арналган майрамдык иш-чарага республиканын аймагындагы 11 театр катышат. Учурда "Жашоо, өмүр, театр” деген аталыштагы иш-чарага артисттер кызуу даярдык көрүшүүдө.
"Бул салтанатта театр артисттери сахнада роль гана аткарып тим болбостон, ырдап да беришет",- дейт Кыргыз драма театрынын жетекчиси Эгемберди Чалабаев.
Бул майрамда Кыргыз театрлар союзу тарабынан өз ишинде жигердүү эмгектенген артисттерге сыйлыктар тапшырылат. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан уюшулган бул иш-чара саат 16:00дө башталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.