Бишкекте "Эл артисти Чоро Думанаевге үй берилсин" деген талап менен пикет болуп өттү





Бүгүн, 27-мартта жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров "Кыргыз Эл артисти Чоро Думанаевге үй берилсин!" деген талап менен Бишкек мэриясынын жанында пикет өткөрдү.
Кезектеги пикети жөнүндө активист буларга токтолуп өттү:
"КРнын Эл артисти Чоро Думанаевдин 40 жылдан бери театрда эмгектенип келе жатканы баарыбызга маалым. Бирок мындай бийик даражалуу инсан ушул кезге чейин бала-чакасы менен бир бөлмөлүү жатаканада күн кечирип жатканы менен эч кимдин иши жок. Бул нерсени мен бийликтин искусство адамдарына жасаган кайдыгер мамилеси деп түшүнөм. Мына, шаарыбызда толтура жаңы үйлөр салынып жатат. Кантип ошол үйлөрдүн биринен ушул адамга, кыргыз маданиятына салымын кошуп келе жаткан Чоро Думанаевге бир квартира берүүгө болбосун? Бул шаардык бийликтин колунан келе турган эле нерсе. Менин бүгүнкү пикетимдин негизги максаты шаардык бийликтин көңүлүн буга бурдуруу болчу. Тилекке каршы, саат 11ден 12:30га чейин турдум, мэриядан эч ким чыккан жок. Макул, мэр Кубанычбек Кулматов чыккандан уялат экен, аппарат жетекчилеринен бирөөнү чыгарып койбойбу?! Кайра мага Ленин РИИБнин кызматкерлери келип "Уруксат кагазыңыз барбы? Алдын ала маалымдадыңыз беле? Кеттиңиз, болбосо биз менен жүрүңүз, машина даяр" деп нотация окуп туруп алышты".
Чоро Думанаев «Ак илбирстин тукуму», «Ак кеме», «Каныбек», «Отко таазим», «Кызыл алма», «Көчө», «Ысык-Көлдүн кызгалдактары», «Чиркин өмүр», «Президент жана бомж» жана башка тасмаларда, телесериалдарда кайталангыс образдарды жараткан. Эске салсак, ал буга чейин жатаканада жашап, кыйналып жүргөнү тууралуу "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде билдирген эле. Аталган макаланы толугу менен бул жактан окуңуз...
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:25
2025-07-10

12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
Рейтинг:
1

koschulam. Al filmdi kayra koryydon tajabaym. Agay kee bir adamdarday aldum juttum, kimmerzia dep churkabastan. Kujunchuluktarga karabay oz kesibin arkalap kelse kerek. Al emi akterlordun algan mayanasu kvartiranun akchasu, tamak aschka arang jetse kerek. Kech bolup kala elekte ubagunda mamleket sujun urazuchulugun bilgizischi kerek.