Бишкекте бий топторунун арасында сынак өтүп, "Назик" бий тобу баш байгеге ээ болду
Бийчилердин өнөрүн баалаган калыстар тобу дасыккан бий чеберлеринен жана чыгармачыл адамдардан турду.


Бийчилердин өнөрүн баалаган калыстар тобу дасыккан бий чеберлеринен жана чыгармачыл адамдардан турду.

Гран-приге ээ болгон "Назик" бий тобунун жетекчиси Назиктин кубанычында чек жок болду.

Сынактын жүрүшүнөн...

Сынактын уюштуруучулары калыстар тобу менен.

Сынактын жүрүшүнөн...

Сынактын жүрүшүнөн...

Сынактын жүрүшүнөн...

Сынактын уюштуруучулары Нурлан Намазбеков жана Кундуз Аманова.

26-мартта Бишкектеги бий топторунун арасында "Бий ордо-2014" сынагы болуп өттү. Сынакта "Береке", "Назик", "Дея" жана "Жаз" бий топтору күч сынашты. Жыйынтыгында өзгөчө таланты, ийкемдүүлүгү менен калыстардын жана көрүүчүлөрдүн купулуна толгон "Назик" бийчилер тобу баш байгеге ээ болду.
Автор: Дамира Арстанова
Аталган сынактын уюштуруучусу, "Азия Нур" бий тобунун жетекчиси Нурлан Намазбековдун айтымында, ага 7-10 жаштагы кыздар-балдар катышкан.
"Бул сынакты "Келечек" балдар студиясы менен биргеликте уюштурдум. Бийчилердин өнөрлөрүн чыгармачыл адамдар, "Wi`ll be" дасыккан бийчилер тобунун негиздөөчүсү Эрмек Керимбаев, хореографтар Екатерина Цой, Адилет Төрөбеков жана ырчылар Анжелика, Юлия Руцкая баалашты. Ар бир группада 8ден бийчи бийледи. Жыйынтыгында калыстардын чечими менен баш байге "Назик" бий тобуна ыйгарылып, алар концерттик программасын бекер тарттыруу укугуна ээ болушту. Ал эми 1-орунду "Жаз", 2-орунду "Береке", 3-орунду "Дея" бий топтору ээлешти. Катышкан 32 бийчиге тең грамоталар жана сыйлуу белектер тапшырылды",- дейт уюштуруучу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
sumka

30.03.2014. 22:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uwundai wanduurak janylyktardan jazgyla4y!!!kudaym wanduu taza tyn4 yntymaktuu jashoo bersin4i!!!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.