Алмазбек Атамбаев: “Манас” аэропортунун акциясынын канча пайызын сатууну Жогорку Кеңеш чечет”
“Манас” Эл аралык аэропортунун 49 же 51 пайызын сатууну Жогорку Кеңеш чечет. Муну президент Алмазбек Атамбаев 27-мартта телеканалдардын бириндеги маегинде билдирди. Айтымында, аэропорттун акцияларын сатуу – зарылчылык, арзан керосин алуу үчүн сатылганы жатат.
“АКШнын базасы чыгып кеткенден кийин “Манас” аэропорту транспорттук хабга айланат, ал үчүн бардык күчтү жумшайбыз. Керосин Алматы, Астана, Ташкент, Дүйшөмбүгө караганда арзан болот. Ошондо аэропорт өнүгөт, ал эми арзан керосинди бизге “Роснефть” гана бере алат”,- дейт президент.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

