super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин XV жыйынын өткөрдү

 

КРнын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев 27-мартта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү.

Жыйында кеңештин иши начар эмес экендигин жана үч жылда 15 жыйын өткөнүн маалымдады. 

“Арийне, биз жыйындардын санына эмес, сапатына, кабыл алынган чечимдер менен анын аткарылышына көңүл бурушубуз зарыл. Жакын арада биз өлкөнүн аймактарында инвестициялык аянтча ачабыз. Биринчилерден болуп Нарын менен Ошто ачылат. Биздин кеңештин тажрыйбасы ушул шаарларга көчүрүлөт. Мындай принциптер аймактарда да пайда болуп, мыкты натыйжа берүүгө тийиш. Ошол себептен бизнес-ассоциациялар бул шаарларда кесиптештерине жардам бериши керек”,- деди Жоомарт Оторбаев.

Ошондой эле аймактарда инвестиция өсүп жаткандыгын айтып, анын катарында Ош шаарын баса белгилеп өттү. Аталган калаа колдоо табуусу зарыл экенин билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: