super.kg logo

Баткен. "Театр кызматкерлеринин элге руханий азык тартуулаган эмгеги өзгөчө мактоого арзыйт" деди Жеңиш Разаков 

 

27-Март - Эл аралык театр күнүндө өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Разаков Апаз Жайнаков атындагы театрдын чыгармачыл жамаатын кесиптик майрамы менен куттуктады.

“Маданият - өлкөнү өнүктүрүүнүн маанилүү ресурсу. Аалам алкагында жашаган жүздөгөн улуттар өздөрүнүн маданий өзгөчөлүгү менен улут катары сакталып калгандыгын жакшы билебиз. Учурда өз өнөрүн аздектеп, элибиздин маданиятын өнүктүрүп, өстүрүп келе жаткан театр кызматкерлеринин эмгеги баа жеткис. Театр кызматкерлеринин калкыбыздын жан дүйнөсүн байытып, руханий азык тартуулаганы өзгөчө мактоого арзыйт”,- деди ал. 

Эске салсак, КР Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раевдин 2013-жылдын 23-декабрындагы №372-буйругу менен Баткен облустук музыкалык драма театрына Кыргыз Эл артисти, белгилүү обончу жана аткаруучу Апаз Жайнаковдун ысымы ыйгарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: