Жоомарт Оторбаев жумшак сүйлөп, бирок талапты катуу кармаган өкмөт башчы болорун айтты
КСДП фракциясынын 28-марттагы жыйынында жаңы коалиция маселеси каралып, премьер-министрликке “Ата Мекен” фракциясынан талапкер Жоомарт Оторбаев суроолорго жооп берди. Оторбаев талапты катуу койгон премьер-министр боло турганын айтты.
“Мамлекеттик башкарууга эмоциянын кереги жок. Мен жумшак сүйлөйм, бирок талаптарым катуу. Кайсы бир партияга жан тартпайм”,- деди Оторбаев.
Айта кетсек, бүгүн жаңы коалициянын курамы расмий түрдө жарыяланышы күтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

