super.kg logo

16-апрелде Улуттук китепканада азербайжан элинин Айтматовго арнаган китебинин бет ачары өтөт

 

16-апрелде Улуттук китепканада азербайжан элинин Айтматовго арнаган китебинин бет ачары өтөт. Бул иш-чараны өткөрүү 26-мартта Улуттук китепкананын директору Жылдыз Бакашева менен Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Гидаят Оруджевдин жолугушуусунда айкын болгон. Жолугушууда алар залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналып чыгарылган "Чингиз Айтматов - победа тюркского духа" аттуу китеп туурасында талкуулашкан. Маалым болгондой, бул китепте орус, кыргыз, азербайжан, казак улутундагы белгилүү авторлордун Чыңгыз Айтматов тууралуу ойлору камтылган.

Уюштуруучулар билдиргендей, аталган китептин бет ачарына Азербайжандын элчилиги, азербайжан парламентинин депутаттары, кыргыздын аттуу-баштуу адамдары, Айтматовдун жакын туугандары катышмакчы. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: