Жылнаама, 29-март: Мындан 30 жыл мурун обончу, аткаруучу, диктор Жолдубай Кайыпов каза болгон


Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жолдубай Кайыпов 1946-жылы 11-августта Нарын облусундагы Ат-Башы районуна караштуу Жаңы-Күч айылында туулган. 1963-жылы Ысык-Көл айыл чарба техникумун, 1974-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтун бүтүргөн.
Ал эми 1963-1967-жылдары "Пограничник" колхозунда зоотехник, 1965-1973-жылдары опера жана балет театрында солист, 1973-1984-жылдары Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинде дикторлук кызматты аркалаган.
Жолдубай Кайыпов 1981-жылдан тартып жогорку категориядагы диктор болгон. Орто Азия жана Казакстан Республикаларынын ортосунда өткөрүлгөн "Эң мыкты диктор" сынагынын жеңичүүсү деп табылган. Көптөгөн телеберүүлөрдү, айрыкча "Ыр кесенин" ажарын ача алып барган. 70тей обондун автору. Ошону менен катар мыкты аткаруучу да болгон. Анын “Мекеним", “Атам менен энеме", "Көл үстүндө", "Жашчылык", "Алгачкы кадам", "Кел бийлейли, ырдайлы" жана башка ырлары элге кеңири белгилүү. 1985-жылы, көзү өткөндөн кийин "Ырлар" аттуу ыр-обондор жыйнагы жарыкка чыккан. Улуу таланттын ысымы өзү туулуп-өскөн Жаңы-Күч айылындагы мектепке берилген.

* 4 жыл мурун, 2010-жылы Москва шаарындагы "Любянка" жана "Парк культуры" метролорунда камикадзе террорчулары тарабынан жардыруу болгон. Жарылуунун кесепетинен 41 киши каза болуп, 88 адам ар кандай жаракат алган. Көз жумгандардын арасында Кыргызстандын да жарандары болгон.
Жылнаама толугу менен бул жакта...
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
baibai71

29.03.2014. 11:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жолдубай Кайыповду олтургон мыкаачылар дагы да эсимде,алар Бейшекенов,Кусайинов,Пашков деген немелер болуучу калп айтбасам.
leben

29.03.2014. 15:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baibai71, алар соттолгонбу? Неге олтурушкон эле?
baibai71

29.03.2014. 18:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соттолушса керек эле.Мындай болгон да Ж Кайыпов ишинен кеч кайтат,жолдон ал кылмышкерлер кол которгондо,токтотуп салып алган деп айтылган.Менимче бензинге чыгып калсын деген го.Айтмакчы кылмышкерлердин арасында да бир кыз бар болуш керек эле
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.