Бишкекте "Супер-Инфо" гезитинин эмгек жамааты камакка алынган кесиптешин колдоп нааразычылык акциясын өткөрүштү













Бүгүн, 25-декабрда "Супер-Инфо" гезитинин эмгек жамааты Назира Айтбекованы ийгиликсиз тамашага салган кабарчы Бахияна Сатылганованы сотко чейин үй камагына чыгаруу талабы менен Бишкектеги №1-СИЗОнун алдында нааразычылык акциясын өткөрдү. Акцияга гезиттин 40тан ашуун кызматкери катышты. Белгилей кетсек, гезиттин мурунку кызматкери Бахияна Сатылганова 21-декабрда камакка алынган. Эске салсак, бүгүн, 25-декабрда "Супер-Инфонун" жетекчилиги кош бойлуу, 2 жашар баланын энеси болгон Б.Сатылганованы камакка алган соттун гумандуу эмес чечимине нааразычылык билдирүү максатында кабарчыны кызматтан бошоткон чечимин жокко чыгарды.
кошулду
Автор: Автандил Добулбеков
Фото: Гүлмайрам Сабырбекова
кошулду
"Супер-Инфо" гезитинин эмгек жамааты камакка алынган кесиптешин колдоп нааразычылык акциясын өткөрүштү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
Рейтинг:
3

