super.kg logo

Улан Өмүрбеков «Mister Global International'-2014» сынагында "Мыкты талант" наамына ээ болду

 
Баш байгенин ээси мьянмалык Myят Лвин.

21-27-мартта Таиландда өткөн «Mister Global International'-2014» Эл аралык сынагында кыргызстандык 19 жаштагы Улан Өмүрбеков "Мыкты талант" наамына ээ болду. Бул тууралуу аталган сынактын расмий сайты кечээ, 30-мартта жарыялады. 

Сынакка катышкан мырзалар fashion show, ич кийимдер сынагы, смокинг кийими жана таланты боюнча таймашышкан. Жыйынтыгында "Mister Global-2014" наамын мьянмалык Myят Лвин аттуу жигит утса, 1-орунду канадалык, 2-орунду кореялык, 3-орунду вьетнамдык, 4-орунду филиппиндик жигиттер багындырышкан. Ал эми Кыргызстандын атынан катышкан Улан Өмүрбеков "Мыкты талант" наамына татыды. 

Улан Өмүрбеков тууралуу айта кетсек, ал Кыргызстандагы мырзалар арасындагы сынактарга катышып келген жана "Нарын мырзасы" наамынын ээси болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: