super.kg logo

“Айтыш фильм” киностудиясына тасманын өңүн коррекциялаган жабдык алынып келинди

 

“Айтыш фильм” киностудиясына ата мекендик фильмдердин жана тарыхый “Курманжан датка” тасмасынын өңүн сапаттуу коррекциялай ала турган жабдык алынып келинди. Бул жабдык "Blackmagic Desing" компаниясынан чыккан, Da Vinci Rekolve программасы менен иштейт. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта "Айтыш фильм" киностудиясынын басма сөз катчысы Чолпон Идирисова кабарлады. 

Маалыматка ылайык, аталган техника көп функционалдуулугу жана оңой колдонулушу менен өз тармагында 1-орунда турат. Дүйнөлүк стандартка жооп берип, универсалдуулугу, жогорку ылдамдыгы жана сапаты менен өзгөчөлөнөт. Бүгүнкү күндө аталган жабдык Орто Азиянын киноиндустриясында жападан жалгыз. 

“Аталган жабдыкты видеомонтаждын бардык түрүндө колдонсо болот. Бирок ал далай убакытты жана  көп эмгекти талап кылган иш. Заманбап жабдык бийик сапаттагы сүрөттү көрсөтө алат жана аны иш учурунда колдонсо эффективдүү. Бүгүнкү күндө дүйнө кинолорунун колористтери мына ушул профессионалдуу өңдү коррекциялоочу системди тандашат”,- деп кошумчалайт өңдү коррекциялоо студиясынын кеңешчиси Мурат Алиев






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: