“Алай” футболдук клубуна ТОП-Лиганын чемпиондук наамын алып берген машыктыруучу Владимир Кулагин кызматынан бошотулду

Ош шаарынын “Алай” футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Владимир Кулагин 3 күн мурун кызмат ордунан бошотулган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 31-мартта клубдун басма сөз катчысы Медер Сталбек билдирди.
Анын айтымында, Кулагиндин кызмат ордунан бошотулганынын себеби белгисиз. Азырынча башкы машыктыруучунун милдетин Борис Стрельцов аткармакчы.
Эске салсак, “Алай” футболдук клубу Кулагин менен биргеликте 2013-жылы ТОП-Лиганы жана Көз карандысыздык Кубогун утуп алган. 2014-жылы “Алай” сезонду АФКнын Кубогуна катышуу менен баштаган. Азырынча ТОП-Лигада оюн өткөрө элек клуб 24-мартта Кыргызстандын Суперкубогу үчүн болгон беттеште бишкектик “Дордойго” 3:0 эсебинде жеңилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.