super.kg logo

Кыргыз жазуучусу Абдылда Карасартовдун жаңы китебинин бет ачары болду

 

Кыргызстандагы улуттар ассамблеясында “Итиппак” коомдук бирикмесинин демилгеси менен кыргыз жазуучусу, акын, котормочу Абдылда Карасартовдун “Жаңырык” аттуу китебинин бет ачары болду. 

Китепке 55 уйгур акындарына, прозаиктерине, сатириктерине таандык романдардын үзүндүлөрү, ырлар, тамсилдер, жомоктор, мифтер, таамай сөздөр, аңгемелер, сатиралык чыгармалар кыргыз тилине которулуп киргизилген. 

Аталган иш-чарага белгилүү жазуучулар, республикадагы коомдук ишмерлер катышышты. Алар китептин жогорку деңгээлде которулганын айтып, бул эки боордош элдин маданиятын жакындатууга негиз болорун билдиришкен. 

Бет ачардын соңунда келген коноктор китептин авторуна ийгилик каалап өткөнүн Кыргызстандагы улуттар ассамблеясынын басма сөз кызматы бүгүн, 31-мартта кабарлады.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: