super.kg logo

Бишкекте студенттер арасында республикалык “Акыл таймаш-2014” интеллектуалдык таймашы өткөрүлөт

 

5-6-апрель күндөрү Кыргыз экономикалык университетинде студенттер арасында республикалык “Акыл таймаш-2014” интеллектуалдык таймашы өткөрүлөт. Бул таймашка Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы жана Бишкек шаарындагы университеттердин студенттеринен куралган командалар катышат.  

"Таймаштын негизги максаты - университеттер арасында байланыш түзүп, кызматташтыкка жол ачуу, ынтымакты, достукту жана биримдикти чыңдоо менен жаштардын так жана жыйынтыктуу ойлоно билүүсүнө өбөлгө түзүү",- дейт бул таймашты уюштуруп жаткан "Кеменгер" жаштар борборунун өкүлү.

Уюштуруучулар билдиргендей, ар бир командада 4 оюнчу ойнойт. Жеңген команданын ар бир катышуучусуна ай сайын 750 сомдон 1 жылдык стипендия чегерилет. Ал эми 2-орунду багындырган командага 10 миң, 3-орунга жетишкен командага 8 миң сом акчалай байгелер коюлган. Ошондой эле оюнга жигердүү катышкан мүчөлөргө кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылат. 

Белгилей кетсек, бул оюн төртүнчү жолу уюштурулуп жатат. Кайсы команда утса, кийинки жылы оюн алар окуган окуу жайда өткөрүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: