super.kg logo

"Кумтөр Голд Компани": "Башкы прокуратура дивиденддерди төлөө боюнча кылмыш ишин козгоп, бирок компанияга расмий билдирүү берген эмес"

 

Бүгүн, 1-апрелде «Кумтөр Голд Компани» (КГК) ЖАКы "Башкы прокуратура "Кумтөрдөн" ири суммадагы акча чыгарылып кеткендиги боюнча кылмыш ишин козгоп, бирок компанияга билдирүү берген эмес" деген маалыматты таратты.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата компания КРнын Башкы прокуратурасынан кандайдыр бир расмий документ алган эмес. Ошондуктан кылмыш иши козголгондугу тууралуу билдирүүгө комментарий бере албайт.

"Ошентсе да «Кумтөр Голд Компани» ал жалгыз акционер болуп саналган «Центерра Голд Инк.» компаниясына дивиденддерди төлөө бизнес жүргүзүүнүн адаттагы практикасынын алкактарында жана мыйзамдардын бардык колдонулуучу талаптарына ылайык жүргүзүлгөнүн тактайт. Дивиденддерди ушундай эле төлөп берүү мурда да корпоративдик ишмердүүлүктүн жалпы кабыл алынган принциптерин сактоо менен жүзөгө ашырылган" деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары «Кумтөр Голд Компани» ЖАКынын юридикалык консультанттары дивиденддерди төлөп берүү “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жоболорун бузбайт" деп билдирет компаниянын басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: