super.kg logo

Нурлан Насип Асел Кадырбековага сөйкө салып, буга чейин айтылып келген "кыз-жигит" деген кептин аягына чекит койду

 

Буга чейин айтылып келген "ырчылар Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова кыз-жигит экен" деген кептин аягына чекит коюлган өңдүү. Дегеним, кечээ, 31-мартта Нурлан Насиптин ата-энеси Аселге сөйкө салып, Кудай кошкон кудалар бир дасторкондон даам сызып, эки жашка бата берип, той болор күндү белгилешиптир. Мындай маалыматты алардын шоу чөйрөсүндөгү жакын санаалаштарынын бири билдирди. 

Анын айтымында, сөйкө салуу салты кечээ, Бишкектеги "Максимус" тойканасында болуп өткөн. Ага Аселдин жана Нурландын жакын туугандары, бир-эки курбу-курдашы гана катышкан. Эки жаштын заманбап тою жай айларына белгилениптир. 

Эске салсак, буга чейин "Супер-Инфо" гезити эки ырчынын мамилеси тууралуу жазып келген. Нурлан Насип бул тууралуу суроого "Асел экөөбүз чыгармачылыктагы жакын достордонбуз. Кимибиз кандай ыр жазсак, чогуу угуп, сын-пикир айтышып, колдоо көрсөтүп келебиз. Ортобузда эч кандай мамиле жок" деп жооп берчү. Ал эми Асел Кадырбекова "Кеттиң башкага" деген ырды ырдап чыгып, маегинде "Сүйүктүүм экөөбүздүн айрылуубуз тууралуу ыр. Биздин турмушка болгон көз карашыбыз эки башка экен. Ал жигиттин жоруктарына көзүмдү жумсам да болбоду. Өзү белгилүү эле ырчы. Атын атоонун кажети деле жок" деген эле. 

Албетте, кыз-жигиттин ортосунда пикир келишпестиктин болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Эки жаш мындан ары мындай таарынычтардан оолактап, турмуштун даңгыр жолунда бир-бирине жөлөк-таяк болуп, бактылуу жашоо кечиришин каалайбыз.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(39)
01.04.2014. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу болгула кармашкан колунар эч качан узулбосун.
01.04.2014. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
1 aprelge karata tamasha dep koiunuzdarchyy.......
ekoo uilonboi ele koisun
01.04.2014. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aelita_osh, неге?Бактылуу болгула Асель назик айым бактылуу болгула.
02.04.2014. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aelita_osh,owondoi ele bolot suluum
01.04.2014. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин журогум сезген булардын уйлоноруно. анткени баары эле айтып журушчу го экоонун мамилеси тууралуу. Жарашкан тугойлор деп ойлойм. бактылуу болгула! кош жылдыз болуп жана бергиле!

01.04.2014. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан азырынча уйлонбойм дебеди белее..
01.04.2014. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
1-апрель дагы бир жолуу)))Автор эринбей ушунун баарын кантип жазып чыкты экен. Ассольду окуган киши эми буга ишениш кыйын го
aykyz түзөттү 01.04.2014 17:06
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: