Кар көчкү түшүп, Ош-Бишкек унаа жолу убактылуу жабылды
Кар көчкү түшүүдөн улам Ош-Бишкек жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыма болгондой, 25-декабрь күнү саат 15:20 чамасында Токтогул районунда 4000 м³ кар көчкү түшүп, унаа жолун бөгөп калды. Жолду тазалоого атайын техникалар ишке киришти, ошондой эле 6 куткаруучу көчкү болгон жерге жөнөтүлдү. Алдын ала маалыматтар боюнча, көчкүнүн алдында унаалар калган эмес.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

Рейтинг:
0

