Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган көргөзмөнүн ачылыш аземи болуп өттү (фоторепортаж)
Т.Сатылгановго арналган көргөзмөгө келгендер улуу инсанды сүрөткө тартып жатышты.


Т.Сатылгановго арналган көргөзмөгө келгендер улуу инсанды сүрөткө тартып жатышты.

"Токтогул Сатылганов сүргүндө" темасындагы графикалык эмгек. Автор: КРнын Эл сүрөтчүсү Аркадий Осташов.

Токтогул сүргүндө, зынданда жатканда.

Ойго баткан Токтогулдун элеси.

Токтогул сүргүндө, зынданда.

Көргөзмөнүн жүрүшүнөн.

Сүргүндө жүргөн Токтогулдун элин сагынып, санаа тартып жаткан кези.

Сүргүндө токойдон карагай тартып иштеп жатканы.

Өмүр баянын чагылдырган стенограмма.

Токтогулдун айкели.

Токтогул Сатылгановдун үй-бүлөсүнүн архивиндеги сүрөттөр. Сүрөттө Токтогулдун экинчи аялы Сейдимкан неберелери менен.

Токтогул акындын уулу Бабажан.

Небереси Молдожан Бабажан уулу.

Сүрөттөгү кичинекей Молдожан Бабажан уулу азыр 60ка таяп калды. "Көргөзмөгө чоң атам Токтогулдун образын, искусствосун чагылдырган эмгектер коюлуптур. Мен ушундай залкар адамдын небереси экениме сыймыктанам".

Иш-чарага катышкан окуучулар Т.Сатылгановдун небереси Молдожан менен эстеликке сүрөткө түшүштү. "Бизге бул көргөзмө Токтогул Сатылгановду жакындан таанууга мүмкүндүк берди" дешет алар.

Токтогулдун кызы Гүлсара атасынын айкелинин жанында.

Токтогулдун экинчи аялы Сейдимкан.

Токтогул Сатылганов шакирттери менен.

Сүрөттө Т.Сатылганов.

Т.Сатылгановдун үй-бүлөсү: небере, чөбөрөлөрү.

Т.Сатылгановдун отурган абалындагы эстелиги.

Көргөзмөгө келген студенттер, окуучулар.

Көргөзмөгө келген конокторго чакан концерт уюштурулду.

Көргөзмөнүн ачылыш аземинен.
Бүгүн, 2-апрелде акын жана комузчу Т.Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган көргөзмөнүн ачылыш салтанаты Ольга Мануйлованын мемориалдык үй-музейинде өткөрүлдү. Аземге акындын туугандары, студенттер, окуучулар катышты. Алар көргөзмөгө коюлган КРнын Эл сүрөтчүсү Аркадий Осташовдун “Токтогул Сатылганов сүргүндө” темасындагы графикалык эмгегин, акындын үй-бүлөлүк архивиндеги сүрөттөрдү жана отурган абалындагы эстелигин көрө алышты.
Акындын жашы 60ка таяп калган небереси Молдожан Бабажан уулу да бул көргөзмөгө келип катышты. Ал өз сөзүндө "Көргөзмөгө чоң атам Токтогулдун чыгармачылыгын, образын чагылдырган эмгектер коюлуптур. Мен ушундай залкар адамдын небереси экениме сыймыктанам" деп кубанычын жашырбады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.