super.kg logo

Европа Кыргызстанда каттоо системин өнүктүрүү үчүн 338 миң евро сарптайт

 

“КРнын жарандарынын укуктарын камсыздоого каттоо системин реформалоо үчүн” долбооруна 498 миң евро сарпталат. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде маалымат жыйынында Европа биримдигинин саясий бөлүмүнүн башчысы Огниан Чампоев кабарлады.

Анын айтымында, аталган долбоор 24 айга созулат. Ал 2014-жылдын 1-мартынан башталып, 2016-жылдын 29-февралына чейин ишке ашырылат. Долбоордун алкагында өлкөнүн аймагынан 1 миллионго жакын ички мигранттар жардам алышса, Бишкектин жаңы конуштарында турган 200 миң ички мигрант юридикалык жардам менен камсыздалат.

“Долбоордун негизги үч максаты бар: каттоо маселеси боюнча коомчулук жана бийликтин ортосунда конструктивдүү диалог түзүү, ички мигранттарды каттоо маселесин жеңилдетүү, ички мигранттарды жана өздүгүн тастыктоочу документтери жок жарандардын шайлоого катышуусуна жардам берүү”,- дейт Огниан Чампоев.

Мындан тышкары “КРнын жарандарынын укуктарын камсыздоого каттоо системин реформалоо үчүн” долбоорунун жалпы бюджети 498 миң еврого барабар. Анын ичинен 338 миң евро акча каражатын Европа биримдиги сарптады жана 160 миң еврону "Борбор Азия" эл аралык уюму бөлүп берет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: