super.kg logo

Бишкекте мөмө бактарынын көчөттөрү 150 сомдон жогору баада сатылууда (фоторепортаж)

 
Көчөт базарынын кире беришинен аягына чейин миң түркүн көчөт ээлеген.
Бул алма бак көчөттөрүнүн баалары 150 сомдон 200 сомго чейин.
Көчөт базарына киргенде эле жашы 60ка барып калган апага туш болдук. Ал базардагы сатуучулардын баарындай эле кардар күтүп турган экен. “Атым - Догдургүл, бул базарда 15 жылдан бери эмгектенип келем. Көк-Жар жаңы конушу, шаардын көп жерлери менден алган көчөттөр менен жашылдандырылган”,- деп кеп козгоп калды. "Мен көчөт сатканда кардардын кейпине көңүл бурам. Эгер анын кымбат унаа айдап келип токтогонун көрсөм, жакшы кийинип турганын байкасам, ага кымбатыраак сатам. Ал эми карапайым кардар болсо, кээде өз баасынан түшүрүп да берем. Пайда көрө турган жерден пайда көрүп алам",- деп кошумчалады апа.
Базарда көчөттөрдүн баасы ар кандай. Мөмөлүү бак-дарактардын бир көчөтүнүн баасы 150 сомдон өйдө. Алма, өрүк, алча бактарынын көчөттөрүнүн баалары ар кайсы жерде ар кандай экен. Бир жеринде 150 болсо, башка жагында 180 сомго чейин. Сатуучулардын айтымына караганда, ал көчөттүн абалына жана көлөмүнө жараша болот.
Бул көчөттөрдүн баасы 1650 сомдон өйдө.
Бул уруктардын чоңойгондо кандай көрк ала тургандыгы жөнүндө кардарларга маалымдама.
Үйгө өстүрүлүүчү гүлдөрдүн кооздугу көз жоосун алчудай. Кичинекей чакада отургузулган гортензия гүлү 250-350 сомго чейин, фикус гүлү 250 сомдон өйдө. Эң арзан гүлдүн баасы 100 сомдон башталса, эң кымбаты 3 миң сом, ал үйдө өсчү чоң пальма багы.
Фиалка гүлүнүн баасы 250 сомдон башталат.
Азалия гүлү өзгөчө кооз экен, бир идиште 3 тамыр отургузулган, баасы 500-600 сомдон башталат.
Орхидея гүлү 600 сомдон 1000 сомго чейин.
Лимон, мандарин бактары, булар кийин чоң бакка айланат жана мөмө берет. Баасы 650 сом.
Анаркүл эже: "Мен өмүрүмдүн көп бөлүгүн гүл өстүрүүгө арнадым. Аларды өстүрүү өзгөчө рахат алып келет. Иш күндөрү кардарлар азыраак, жок дегенде 2-5 миң сомго чейин пайда көрөбүз. Ал эми дем алыш күндөрү соода жакшы болот",- дейт. Бул сатуучу да көчөт базарында 15 жылдан бери соода кылып келет.
Канна гүлүнүн көчөтү 80 сомдон өйдө.

Жаз жөнүндө ойлогондо эле бүчүр байлаган бак-дарактар, кара жер үстүнө жаңыдан чыгып келе жаткан көк чөптүн элеси көз алдыңа келет. Жаздын жылыган күндөрү эшик, короо, көчөлөрдө бак-дарак, гүл, жалпысынан көчөт отургузмай менен коштолот эмеспи. 

Бишкекте мөмө бактарынын көчөттөрү 150 сомдон жогору баада сатылууда. Алма, өрүк, алча бактарынын көчөттөрүнүн баалары бирдей эмес. Кээ бир сатуучулар 150 сомдон сатышса, айрымдары 180 сомдон сатып жатышат. Сатуучулардын айтымына караганда, ал көчөттүн абалы жана көлөмүнө жараша болот.

Кара, кызыл карагаттын көчөтүнүн бир бутагы 100 сомдон өйдө. 

Үйгө өстүрүлүүчү гүлдөрдүн кооздугу көз жоосун алчудай. Кичинекей чакада отургузулган гортензия гүлү 250-350 сомго чейин,  фикус гүлү 250 сомдон өйдө. Эң арзан гүлдүн баасы 100 сомдон башталат экен, ал эми эң кымбаты 3 миң сом, ал үйдө өсчү чоң пальма багы. 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(4)
02.04.2014. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Помидор, балыраң, малинаны да кошуп койсонор жакшы болмок экен
02.04.2014. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aykyz, балыран, эмне ал
02.04.2014. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Буйурса бизда тигебиз кочуп барсак ИНШААЛАХ аамиин.
03.04.2014. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ии аябай адамды суктантат го. Менин да ошондой гулдорум болсо уйумдо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: