super.kg logo

Баткен. Ак-Сай айылынын тургундарына компьютер жана спорттук эмеректер тапшырылды

 

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов бүгүн, 2-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Ш.Ганы атындагы мектепке 1 компьютер, Ак-Сай айылындагы Б.Ходжаев орто мектебине 2 компьютер, спорттук эмеректерди КР ИИМнин жана Билим берүү министрлигинин атынан тапшырды.

Курсан Асанов спорттун жакшы жактарына токтолуп: "Спорт - ден соолуктун булагы. Ар бир инсан өзүнүн ден соолугу үчүн кам көргүсү келсе, спорт менен машыгышы керек. Келечекте бул спорт сарайыңардан көрүнүктүү, чыгаан спортчулар чыгат деп ишенем.

Кыргыздын желеги эки учурда гана көтөрүлөт: мамлекет башчыбыз башка бир мамлекет башчысы менен расмий түрдө жолугушканда жана сиздерге окшогон жаштар спорт менен дүйнөлүк аренада байгелүү орундарга жетишкенде. Бул залда тургандар кыргыз желегин көккө көтөрөт деп ишенем”,- деди.

Ак-Сай аймагынын жашоочулары Курсан Асановго терең ыраазычылыктарын айтып, мындан ары да жардам берип, көмөк көрсөтүүнү суранышты. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы маалымдады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.04.2014. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат. Жон эле барып келе беришпей ушинтип аз да болсо алыскы айыл жергелерине ушинтип комок корсотуп турушса айыл эли суйунуп батасын берет да. Бар болушсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: