super.kg logo

Нарын облусунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 2 миңден ашык адам каттоодо турат

 

Учурда Нарын районунун Социалдык өнүгүү башкармалыгында ар кандай категориядагы 2159 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар каттоодо турат. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар негизинен мамлекет тарабынан кепилденген жеңилдиктерди, ай сайын төлөнүүчү социалдык жөлөк пулдарды алып турушат. 2013-жылы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 6 адам майыптардын арабасы менен камсыз болсо, 16 адам санаториялык-курорттук жолдомо жана 63 адам протездик-ортопедиялык буюмдар менен бекер камсыз болушкан. Мындан тышкары 120 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды социалдык кызматкерлер үйлөрүнөн тейлешет.

Нарын райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Динара Тулеева маалымдагандай, азыркы учурда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарды өнүктүрүү, кенейтүү жана социалдык кызматтарды кардарларга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында 2012-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясынын алкагында өкмөттүк эмес уюмдар менен тыгыз кызматташуу иштерин жүргүзүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: