Жалал-Абад шаарын көрктөндүрүүгө 850 миң сом сарпталды
"Учурда Жалал-Абад шаарында көрктөндүрүү үч айлыгынын алкагында бак-дарактарды жана гүлдөрдү отургузуу иштери уланууда. Калаада 100 түп кызыл карагай, 350 түп арча, 500 түп кара жыгач жана 10 даана көк карагай отургузулду" деп билдирет шаардык мэриянын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад көчөлөрүн быйыл 2 миң даанадан ашык роза гүлү кооздомокчу. Бүгүнкү күнгө чейин анын 550 даанасы отургузулуп бүттү. Ошондой эле башка гүлдөрдүн көчөттөрү азыр парниктерде өстүрүлүп жатат. Аларды 20-апрелден тарта көчөлөргө эгүү иштери башталат.
Эске салсак, быйылкы көрктөндүрүү иштерине жергиликтүү бийлик 850 миң сом бөлүнгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.