super.kg logo

Былтыркы жылга салыштырмалуу 2013-2014-окуу жылында сырттан келген студенттердин саны 1517 адамга көбөйдү

 
Жылдан-жылга сырттан келип окуган студенттердин саны өсүүдө. 2013-2014-окуу жылында сырттан келип окуган студенттердин саны 9371ди түздү. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 1517 адамга көбүрөөк. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, 2012-2012-окуу жылында 7854 студент келген. Ал эми 2013-2014-окуу жылына 9371 студент келген. Студенттердин басымдуу бөлүгүн Индия жана Пакистандан келген студенттер түзөт жана алар көбүнчө медицина тармагында билим алышат. Ошондой эле Кытай, Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Ооганстан жана Тажикстандан келген студенттер да бар.

Чет элдик студенттердин көпчүлүгү медицина тармагын тандашат. Себеби Кыргызстанга салыштырмалуу башка өлкөлөрдүн медицина тармагында билим алуу өтө кымбатка турат. Чет жерден келген студенттердин арасында филология факультети да абройго ээ экени маалым.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: