super.kg logo

Гемодиализ алган бир бейтапка мамлекет жылына 800 миң сомдон ашык каражат сарптайт

 

Гемодиализ алган бир бейтапка мамлекет жылына 800 миң сомдон ашык каражат сарптайт. Ал эми 425 бейтапка 360 миллиондон ашык каражат жумшалат. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясатынын башкармалыгынын бөлүм башчысы Талант Арстанкулов билдирди.

“Бир гемодиализдин сеансына орто эсеп менен 5-7 миң сом сарпталат. Гемодиализдин сеансы 3-4 саатка уланат. Бул убакыт аралыгында гемодиализ бөйрөктүн толук кандуу ишин аткарып, бейтаптын каны толугу менен тазаланат. 7 миң сомдун ичине колдонулган медициналык каражаттар кирет. Сеанс учурунда чыпка түтүгү, диализатор сыяктуу аппарат тетиктери жаңыланып турушу зарыл. Ошондой эле бул баанын ичине гемоглобинди көтөрүп, канды суюлтуучу бир катар дары-дармектер кирет”,- дейт Талант Арстанкулов.

Анын айтымында, абалы орто бейтап айына 12 гемодиализ сеансын алат. Ал эми акыбалы өтө оор бейтаптар күнүнө 12 гемодиализ сеансына муктаж болуп калышат.    






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
03.04.2014. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол бейтап дарыгерлеге канча бергенин билесинерби жылына он эсе коп берет Кыргызстанда ашыкча берсен бересин бирок бекер дарыланбайсын
03.04.2014. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл суйлосо да бийликтегилер муну суйлобой эле койбоду да, мамлекет бир сом да жардам бербейт алышты гана билишет кайдагы акчана айтып жатышат эшектер.
03.04.2014. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оа силерге кошулам. Менин бир маркум классташым ошондон кайтыш болгон. Эки бойрогу тен иштен чыгып гемодиализ алып турчу. Тим эле кезек кезек болуп кетет турбайбы. Адамдар акчаларын кармап алышып чуркашат экен. Бейтаптын озунон эле болуп атат жон гана ал акчалар бир чонтокко эле тушо берет да ошого ушундай пикир айтып жатышат
03.04.2014. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sonun90,Aimeerimka,Aik95 силер мамлекет тууралуу туура эмес маалымат алып алыпсыңар. Менин апам да жумасына 3 жолу гемодиализ алып турат. Кудайга шүгүр, бекер. Негизи бир алышы эле 100 доллар болот экен. Бекер түшкөндөр өтө көп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: