super.kg logo

"Өлкөдө болгон баш аламандыктар билим берүү системине чоң зыян келтирет" дейт Советбек Байгазиев

 

Кыргызстанда болгон баш аламандыктар билим берүү системине чоң зыян келтирет. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Билим берүү академиясынын вице-президенти Советбек Байгазиев билдирди. Анын айтымында, өлкөдө жүз миңден ашуун балдар мектеп, бала бакча, жогорку окуу жайларда билим алышат. 

“Алар бейпилчилик, туруктуулук шарттарында окуса, изденсе, келечекке даярданса деген ойдобуз. Ар кандай баш аламандыктар, революциялар жаштарыбызга туура эмес тарбия берет. Кыргызстанды илим, билим аркылуу өнүктүрүш керек. Айыл чарба тармагын өстүрүп, мекенибиздин келечектеги муундары үчүн өнүккөн мамлекетибизди сакташыбыз зарыл”,- дейт Байгазиев.

“Эгер айрым депутаттар бири-бири менен тил табышпай калса, алар баарлашуу, диалог аркылуу консенсуска келиши керек”,- деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: