super.kg logo

Жаңы конуштардагы орто мектептердин 70ке жакын англис тили мугалиминин билим деңгээлин жогорулатуу үчүн 2 айлык курс башталат 

 

Эртең, 4-апрелде Бишкекте англис тили сабагынын мугалимдеринин “Форум” аталыштагы ассоциациясы АКШнын каржылоосу менен Бишкектин жаңы конуштарындагы орто мектептердин 70ге жакын мугалиминин квалификациясын жогорулатуу максатында 2 айлык курс өткөрө баштайт. Бул тууралуу уюштуруу комитети бүгүн, 3-апрелде кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган тренингдин негизги максаты - орто мектептердин чет тил мугалимдеринин билим деңгээлин жогорулатып, окутуу системинде инновациялык жаңы ыкмаларды колдонуусуна шарт түзүү. 

Тренингдин расмий ачылышы №62-орто мектепте өткөрүлмөкчү. Ачылышка АКШнын Кыргызстандагы маданият жана алмаштыруу программалар боюнча элчисинин кеңешчиси Рэй Нэйлер, ЖКнын билим берүү, илим, маданият жана спорт комитет бөлүмүнүн эксперти Чатыркүл Бекишева, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Билим берүү боюнча башкармалыктын жетекчисинин орун басары Наталья Никифорова катышмакчы. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: