super.kg logo

Чек ара кызматынын атайын багыттагы аскерлери даярдыктарын жогорулатышууда (фоторепортаж)

 

2014-жылдын 31-мартынан 5-апрелге чейин Ош чек ара кошуунунун базасында “Бөрү” атайын багыттагы кошуундун жана топтордун саркерлери менен жыйын өтүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын Маалыматтык камсыздоо башкармалыгынын коомчулук жана ММК менен байланыш түзүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Бөрү” атайын багыттагы кошуундун жана топтордун саркерлери менен мындай жыйын чек ара ведомствосунда биринчи жолу өткөрүлүүдө. Мыйзамсыз куралдуу түзүмдөр менен согуштук аракеттер болгон учурда атайын багыттагы кошуундун ыкчам, туура нукта ымалашып иш алып баруусун такшалтуу жыйынды өткөрүүнүн негизги максаты болгон.

Белгилүү болгондой, тренингдин жүрүшүндө лекциялар, топтук жана тажрыйбалык сабактар өткөрүлүп, алардын жүрүшүндө саркерлер аскердик мыйзамдардын нормативдик жана укуктук негиздери боюнча билимин жогорулатышты. Ошондой эле инженердик, чалгынчылык, ок атуу даярдыктардан өтүп, мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдүн аракеттеринин татикасын үйрөнүштү. Окуу учурунда чек ара аскерлеринин тактикасына, тоо жериндеги тоскоолдорду жеңүүнү үйрөнүүгө, ошондой эле биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча билимдерин да жакшыртууга көп көңүл бурулган.

Тажрыйбалык окуунун жүрүшүнүн биринчи баскычында окуп жаткандар тесттен өтүшүп, ок атуу боюнча тапшырмаларды аткарышып, гранаталарды ыргытуу боюнча машыгышты. Мындан тышкары атайын багыттагы топтордун аскер кызматкерлери мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдүн изин алуу жана аларды жок кылуу үчүн жүргүзчү чалгындоо-издөө аракеттеринин туура уюштурулушу жана жүрүшү боюнча машыгышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(2)
03.04.2014. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аз эле солдат бар го
07.04.2014. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Солдаттар эмес атайын дайындалган Бору кошуунунун саркерлери (командирлери) спецназдын командирлери менен сабактар отулгон.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: