super.kg logo

Николай Пржевальскийдин 175 жылдыгына Орусиядан 20га жакын илимпоз келери күтүлүүдө

 

10-апрель күнү белгилене турган Николай Пржевальскийдин 175 жылдыгына Орусиянын шаарларынан 20га жакын илимпоздун келүүсү күтүлүүдө. Ошондой эле Каракол шаарында ар кандай иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн Н.Пржевальский атындагы музей-комплекстин илимий кызматкери Жумакан Мамбетова кабарлады. 

“Н.Пржевальскийдин 175 жылдыгы алгач 10-апрель күнү Бишкектеги жогорку окуу жайларында илимий конференциялардын өтүшү менен башталат. 11-апрелде Каракол шаарына Орусия, Санкт-Петербург, Бурятия, Хакасиядан 20га жакын илимпоз келмекчи. Ал эми 12-апрелде илимпоздор мемориалдык комплекске келип, гүл коюу аземине катышат. Андан соң К.Тыныстанов атындагы Мамлекеттик университетинде илимпоздор доклад окушат”,- дейт Ж.Мамбетова.  

Маалыматка таянсак, аталган иш-чарага Казакстан, Беларусь, Тажикстан жана Өзбекстандын элчилеринин катышуусу да болжолдонууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.04.2014. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул киши жонундо башкача создорду укканым бар. Кыргыздарды жапайы туземсы деп орусиянын биринчи басып киришине ушул адам себекер экенин. Укканым айтып жатам калп болсо кечиресинер. Билип келет чынбы же калппы.?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: